35 жаштагы Чыңгыз Бейшеев Түркияда операцияда жасатууга муктаж. Ал үчүн 35 миң доллар акча каражаты керектелет. Анын үй-бүлөсүнүн бул сумманы топтоого чама-чаркы жетпегендиктен кайрымдуу инсандардан жардам сурайт.
Ал 1988-жылы Нарындын Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздан атасы.
2017-2018-жылдары Каракече-Ат-Башы багытында көмүр ташып иштеген. Ошол кезде Кара-кечеден көмүр жүктөп келе жатып оор жүк ташуучу унаа менен сайга кулаган. Катуу жаракат алып, анын кесепетинен буту баспай калган.
Жакынкы аралыкта тиешелүү каражат топтолсо, Түркияга барып операция жасатуу алдында турат.
Реквизиттер:
Бейшеев Чыңгыз
Мбанк: 0709757818
Единица: 0709757818
Элкарт: 9417379446508109