Сузак районунда 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Сузак райондук, Ырыс жана Сузак айылынын милиция кызматкерлери тарабынан Саталган айылдарда жол жээгинде өскөн 4 тоннадан ашуун жапайы кара куурай орулуп өрттөлдү.
Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан баӊгизаттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.