"Дрон  кулаган". Орусияда оптикалык заводдо жарылуу болду (видео)

Бүгүн, 9-августта Орусиядагы оптикалык-механикалык заводдо жарылуу болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя мындан бир нече саат мурун Сергиев Посад шаарында катталган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, заводго жанаша жайгашкан үйлөрдүн айнектери талкаланган.

Жарылуунун эмнеден улам болгону азырынча белгисиз. Бирок алдын ала маалыматтарга караганда, жарылууга дрондун кулашы себеп болушу мүмкүн.

Ал эми аталган заводдун расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, завод укук коргоо органдары, өнөр жай жана саламаттыкты сактоо тармактары үчүн оптикалык жана оптоэлектрондук приборлорду өндүрөт.

Учурда кырсыкка байланыштуу жумушчулар эвакуацияланып жатканы жана 10 адамдын жабыркаганы айтылууда.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан