ЭЛДИК КАБАР: Баткендин Ак-Таш кварталында ичүүчү суу берилбей жатат

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталындагы Ак-Таш кварталында эки күн суу берилип, башка күндөрү суу берүү токтотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта аталган аймактын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

"24 сааттык суу түтүктөрүн орнотушканда аябай кубандык эле. Бирок бир-эки күн суу чыгат дагы, 7-8 күн суу токтойт. Сурасаң эле ремонт деп кутулушат. Май айынан бери ушул көрүнүш. Учурда көчөдөгү эски суу крандарынан суу алып ичебиз. Ал дагы эки саат эле чыгат. Жайдын ысык аптабында эл кыйналды. Көзөмөл, тартиптин жоктугунан ушундай болуп жатат деп ойлойм", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан