Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз сатып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөн жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, 25-июль күнү 1992-жылы туулган Б.у.О. аттуу жаран кармалганы белгилүү болду. Шектүү айдап бара жаткан Ауди 80 үлгүсүндөгү унаадан баштыкка оролгон гашиш баңгизаты табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз сатып жүргөн жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан