Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү тездик менен жайылууда

Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү тездик менен жайылып жатат. Бул тууралуу Independent басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Улуу Британияда коронавирустун Eris (EG.5.1) деп аталган түрү акыркы эки айда пайда болгон. Буга аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана иммунитети алсырап ооруканага кайрылгандардын санынын көбөйүшү себеп болгон.

Eris же EG.5.1 вирусу биринчи жолу 31-июлда Улуу Британияда вариант катары классификацияланган, бирок азырынча коронавирустун экинчи варианты катары каралууда. Аталган вирустун белгилери сасык тумоого окшош. Eris вирусу да баш оору, чарчоо, чүчкүрүү, тамак оору жана мурундун бүтүүсү менен коштолот.

Басылманын маалыматына караганда, 4-июлдан 27-июлга чейин аталган вирус менен бейтапканага кайрылгандардын саны 200 миңден ашкан.

Индиянын Махараштра штатында да аталган вирус менен кайрылгандар байкалган. Бирок эксперттер Индия бул вирус үчүн тынчсызданбай койсо болорун айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан