Эртең, 10-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми башка аймактарда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет эскертти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Талас аймагында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус жылыйт.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус ысык болот.