Айыл чарба министрине жаңы орун басар дайындалды

Бүгүн, 9-августта Алияскаров Маил Алияскарович айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгиленгендей, тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган министрдин орун басары ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болмокчу.

Маил Алияскаров 1977-жылы 20-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. 2006-жылдан тарта айыл чарба тармагында эмгектенип келген. 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан