Корея Элдик-Демократиялык Республикасында саясий ишмер Чан Сон Тхэк өлүм жазасына буйрулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып
чыгышты.
Маалыматка ылайык, Чан Сон Тхэк бир нече ай мурун оор кылмыштар боюнча айыпталып, жогорку
кызматтан бошотулган. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, "Чан Сон Тхэк
мамлекет бийлигин кулатууга аракет кылган. Ошондон улам өлкө башчысынын каарына
калган" деген маалыматтар айтылып жүрөт.
Маалыматка
караганда, алгач атайын аскерий сот Чан Сон Тхэкке айыптарды тагып, аны өлүм
жазасына буюрган. Өлүм жазасы кечээ, 12-декабрда жүзөгө ашкан.
Белгилей кетчү
жагдай, КЭДРнын лидери Ким Чен Ын тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Ал кызматка
киришкенден тарта авторитардык режимди күчөтүп, эки жыл ичинде бир нече жогорку
аскер кызматкерлерин, партия лидерлерин, комитет жетекчилерин алмаштырган.
Коомчулукка Ким Чен Ындын 29-30 жашта экендиги, “Генийлердин
генийи” аталганы, үй-бүлөлүү жана
колунда дүйнөдөгү эң ири беш армиянын катарына кирген аскер күчтөрү бар
экендиги гана белгилүү.