Перуда тургундар келгиндердин (инопланетянин) кол салуусуна кабылганын айтып, полицияга кайрылышты

Перудагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар бир айдан бери келгиндердин (инопланетянин) чабуулуна кабылганын айтып, полицияга арызданышууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лима шаарынын түндүк-чыгышында жашаган Икиту уруусу полиция кызматына кайрылып, бою 2 метрге жеткен, баштары чоң, сары көздүү жандыктар айылга кол салып жатканын айтышкан. Ошондой эле келгиндердин бири 15 жаштагы кызга кол салып, денесине залал келтиргенин билдиришкен.

Жергиликтүүлөр бийликтен адаттан тыш көрүнүштөр болуп жаткан аймактарга тез арада куралдуу күчтөрдү жиберишин суранышууда. Күбөлөрдүн айтымында келгиндер ок атууну тоготпойт жана каалаган учурда жок болуп кете алышат. Учурда полиция тургундардын арызын карап жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан