Ырчы, актриса, блогер Толгонай Арзыкеева жакында турмушка чыгат. Жигити анын колун сураганын ырчы айым өзүнүн Telegram баракчасына жазды.
“Менин колумду 8-июлда сурады. Айтпай жүргөндүгүм үчүн кечирим сураймын. Эми чогуу даярданабыз, кыз узатууга болгону эки жума калды”, - деп жазды ырчы.
Толгонай Арзыкеева, коомчулукка "Деспасито" ырына кавер аткаруу менен белгилүү болгон. Мындан сырткары, "Махабат", "Жүрөк ээси", "Садагам" аттуу ырлары эл оозуна алынган. Ошондой эле "Кошунаны тандабайт", "Браво" сыяктуу кинолордо роль жараткан.