
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “312 кино” жана “312 ТВ” телеканалдарына айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрлик тараптан жарым жыл ичинде 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүзүлгөн.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын ченемдери сакталбагандыгы аныкталган. Буга байланыштуу аталган телеканалдарга чара көрүлүп, тактап айтканда, айып пул салынды", - деп жазылат анда.
Ал эми “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” телеканалдарына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган эместиги айтылат.