АКШ "Белавияга" жана беларустук бир нече ишканага санкция киргизди

Кечээ, 9-августта АКШ тарабынан "Белавияга" жана беларустук бир нече ишканага санкциялар киргизилди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги расмий сайтында жарыялады.

Маалыматта беш беларус мекемесин, анын ичинде "Белавия" авиакомпаниясы, сегиз жаран жана бир учак санкция тизмесине киргизилгени жазылган.

"Бул аракеттер жарандык коомго каршы беларус режиминин репрессияларына, анын Орусиянын Украинадагы негизсиз согушуна шериктеш болгонуна жана беларус режиминин лидери Александр Лукашенконун баюусуна тиешеси бар бир нече уюмдарга багытталган.

Бүгүнкү күндө OFAC тарабынан бутага алынган жеке жана юридикалык жактарга үч мамлекеттик ишкана, мамлекеттик ишканалардын биринин директору жана туунду компаниясы, Беларустун бир мамлекеттик мекемеси жана анын төрт кызматкери, Лукашенко режимине көмөктөшкөн 3 жаран жана бир учактын мүлкү тосулганы аныкталган"- деп жазылат маалыматта.

АКШнын Каржы министрлигинин санкция тизмесине төмөнкүлөр кирет:

- "Белавия" мамлекеттик ишканасы

Анын карамагында CR-200ER учагы, анда АКШнын маалыматы боюнча Беларустун жетекчилигинин мүчөлөрү жана Лукашенконун жакындары учкан. Минск №407 жарандык авиация заводу.

- Белоруссиялык металлургиялык компания (BMZ) холдингинин башкаруучу компаниясы жана анын директору Дмитрий Корчик

- BEL-KAP-STEEL LLC, Флоридадагы BMZ туунду компаниясы

- 2021-жылы бийлик менен жакын мамиледе болгону үчүн санкцияланган "тамеки магнаты" Алексей Олексиндин эки уулу жана жубайы

-Беларустун Мамлекеттик көзөмөл комитетинин Финансылык иликтөөлөр департаменти жана анын жетекчилигинин төрт мүчөсү.

Белгилей кетсек, АКШнын Каржы министрлиги киргизген санкцияларга ылайык, санкцияга кабылган бардык америкалык активдер тоңдурулуп, америкалык фирмалар менен жарандарга санкциялык тизмедегилер менен кандайдыр бир операцияларды жасоого тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан