Чүйдө эки унаа кагышып, айдоочунун бири каза болду

Жайыл районундагы Кара-Балта – Степное трассасында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жол кырсыгы кечээ, 9-августта болжол менен саат 12:30да катталган. Анда Toyota Carina карама-каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz унаасы менен кагышкан.

Жыйынтыгында биринчи унаанын айдоочусу жеринде каза болгон. Ал эми жаракат алган үч жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан