Чүйдө сауналарга рейд жүрүп, сойкулук менен алектенгендер кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда сексуалдык кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо максатында атайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, 9-августта "Притон" аталышындагы рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын алкагында, сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы мончолор жана сауналар текшерүүгө алынды. Рейд учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн жарандар аныкталган.

Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милицияга 23-40 жаштардагы 7 жаран алып келинип, суракка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Учурда сауна ээлеринин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан