Ысык-Көлдө самбо боюнча Дүйнө кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 22-23-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Анда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу ойнотулат.
Департаменттен билдиришкендей, мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Чемпиондуктун алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 килограм;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 килограмм.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өткөн.