Жума күнгө карата аба ырайы

Эртең өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Эскертилгендей, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде да өткүн өтүшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;

Талас аймагында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус болот.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус ысык болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан