Өлкөдөгү май куюучу жайларда дизелдин баасы арзандады. Бул туурасында күйүүчү май саткан жайлардын сайттарынан көрүүгө болот.
Бүгүнкү күндө май куюучу жайларда бир литр дизелдин баасы 63,6-64 сомдон сатылууда.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Антимонополия кызматтарынын башчыларын, нефтетрейдерлерди
топтогон. Ал учурда дизель майы өтө кымбат экенин айтып, бир литрин 63-64 сомго чейин арзандатуу зарылдыгын (70 сомдун тегерегинде болчу) белгилеген. Ал жыйында нефтрейдерлер бааны арзандатууга баары макул болгону айтылган.