Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 5-туру жарыяланды

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун 5-туру жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 5-турга абитуриенттерди каттоо 14-август саат 8:00дөн 16-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.
"Министрлик 2023-2024-окуу жылына жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиги бекиген №4841/1 буйругун чыгарды.
ЖОЖдордо бош орундар болсо, 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат", - деп жазылат анда.
ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек экендиги айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-08-10 16:31:00
Жакшы жан к
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан