Италияда мас абалында унаа айдагандардын алдын алуу жана өлүмгө алып келген жол кырсыктарын азайтуу максатында бекер такси кызматы долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, долбоор Италиянын 6 аймагында башталган жана учурда тестирлөөдөн өтүүдө. Долбоорго ылайык, жарандардын мас абалында унаа айдоосуна жол бербөө максатында бекер такси кызматы сунушталууда.
Долбоордо айдоочуларда алкоголдун ченеми мыйзам чегинен ашып кеткени аныкталса, алар такси чакырып аман-эсен үйлөрүнө жеткирилиши каралат.
Италиянын вице-премьер-министри жана транспорт жана инфраструктура министри Маттео Салвини тарабынан колдоого алынган долбоордун сыноосу сентябрдын ортосуна чейин уланат.
Бирок Италия коомчулугунда долбоор "жаштарды ашыкча спирт ичимдиктерин ичүүгө үндөдү" деген пикирлер айтылса, айрым жарандар бекер кызмат көрсөтүү салыктын эсебинен жабыла турганына каршы чыгышкан.