Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты.
Маалым болгондой, ал 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан. Бүгүн, 10-августта велосипед менен көл аймагын ийгиликтүү айланып чыгып, Балыкчыга кайтып келди.
Таштан Иманов эч кыйналбай эле барып келгенин, эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин жол жүрүп отурганын айткан. Ал көлдү ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, аларга үлгү көрсөтүү максатында айланып өткөндүгүн билдирген.
Ал кийинки жылы велосипед менен ажылык сапарга барууну ниет кылууда.