Министр Базарбаев быйыл 10 миң үй-бүлө 100 миң сомдон алганын айтты

2023-жылы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 10 миң үй-бүлөгө мамлекеттен 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилди. Бул үчүн бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Анын айтымында, өткөн жылы аталган долбоор аркылуу социалдык колдоого муктаж 2 миң 800 үй-бүлө 100 миң сомдон алган.

"Социалдык келишим" долбоору жарандарды жакырчылыктан чыгаруу, үй-бүлөнүн киреше булагын көбөйтүү максатында 2022-жылдан тарта иштей баштаган. Бүгүнкү күндө долбоор өз жемишин берип, 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр түрдүү багытта бизнес кылышууда. “Социалдык келишим” долбооруна “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандар гана катыша алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан