Шахмат боюнча мектеп командалары арасында өткөрүлгөн Дүйнө чемпиондугунда Азиз Дегенбаев алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 3-7-август күндөрү Казакстандын Актау шаарында өткөн. Анда кыргызстандык Азиз Дегенбаев мектептер арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы жеке таймашта алтын медалга ээ болду.
Мелдешке 53 өлкөдөн 300дөн ашык шахматчы катышып, өз окуу жайларынын намысын коргоп, эки жаш категориясында, тагыраагы 12 жашка чейинки жана 18 жашка чейинкилер арасында күч сынашкан.
Кыргызстандын шахмат союзунан билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын атынан №6 АОТК мектеп-гимназияснынын атынан катышкан командада Дегенбаев Азиз, Курбанбаев Залкар, Пак Аарон жана Аманбекова Розел болсо, ал эми команданын капитаны Токтогонов Дамил болгон.
Командалык эсепте №6 АОТК мектеп-гимназиясы мыкты жыйынтык көрсөтүп, 43 команданын ичинен 9-орунду ээлеп, эң күчтүү 10 команданын тизмесине кирген.
Ал эми Азиз Дегенбаев жекече классификацияда 8 упайдан 8 упай алып, биринчиликти багындырган.