Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, бүгүн, 10-августта Новопавловка айылынын Северная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт куткаруучулардын аракети менен 14:57де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу кошумча маалымат бериле турганы кошумчаланды.