Семёнов Тянь-Шанский чокусунда дайынсыз жоголгон турист: Бүгүн 5 куткаруучу аны кар көчкүнүн алдынан издеп жатат

Бүгүн, 10-августта Семёнов-Тянь-Шанский чокусунун батыш тарабына түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө "Эдельвейс" кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү. Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.
14-июлда 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы Семёнов Тянь-Шаньский чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен. Ошондон бери ал изделип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан