Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Беларустун спорт министри Сергей Ковальчук менен жолукту. Бул тууралуу аталган департаменттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушуу Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын алкагында өттү.
Ага ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Ковальчук Беларус мамлекети спорт тармагында Кыргызстан менен кызматташууга, өспүрүмдөр жана жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты.
Ал эми Айбек Абдымомунов Беларус элинин меймандостугуна ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн спорт тармагындагы кызматташтыгын колдоорун билдирди.
Ошондой эле ал спорттун түрлөрү боюнча Эл аралык окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө даярдыгын айтты.
Белгилей кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.
Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталары белгилүү болгон.