Италиянын түштүгүндөгү Сицилия кысыгында кеме кыйрап, кеминде 41 мигрант каза болгон кырсыкта кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылдын 3-августунда болгон кеме кырсыгына учурагандардын тизмесинде Кыргыз жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 3-августта Тунистен сүзүп чыккан кемеде жалпы 45 адам болгон. Италияга жакын Сицилия кысыгына жеткенде кеме кырсыктап, чөгүп кеткен. Андан 41 адам каза болуп, аман калган 4 адамды жакын жерде жүргөн кемедегилер куткарып калган.