
Ош шаарында куткаруучулар бекилип калган батирдин эшигин ачып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Батирдин ичинде 1 жаштагы бала болгон.
Куткаруучулар бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы апасына өткөрүп бергени кабарланды. Бактыга жараша батирде калып калган бала жабыркаган эмес.
ӨКМдин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышканы айтылды.