Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын бир сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталганы тууралуу маалымат беришти. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, бир күн ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган:
- Бишкек шаарында – 3;
- Чүй облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Ош облусунда -3;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3;
- Ысык-Көл – 2.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.