Кечээ, 10-август күнү кечинде Түркиянын Малатья провинциясында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Малатья провинциясынын Йешил-Йурт районунда катталган жер силкинүүсү Адыйаман, Шанлыурфа, Элазыг, Кахраманмараш жана Газиантеп шаарларында да сезилди. Кырсык маалында тургундар көчөгө чыгып, бийик имараттардан секиргендер да болгону айтылууда.
Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдө жалпы 23 киши жаракат алганын билдирди. Ошондой эле кароосуз калган бир имарат кулап, дагы эки имаратка зыян келгенин кошумчалады.
"Биз кооптуу имараттарды буга чейин эле бошотконбуз. Жер титирөө учурунда ызы-чууга алдырып, балкондон секирген жарандарыбыз да бар. 30га жакын киши ооруканага кайрылган. Алардын көбү колунан жана бутунан жаракат алгандар. Бактыга жараша, каза тапкандар жок", - деп айтылат маалыматта.