Ысык-Көлдө 3 автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, интернетте видеосу тараган кырсык кечээ, 10-августта Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 14-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа күн батышты көздөй катуу ылдамдык менен бара жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. Мунун натыйжасында жол жээгинде токтоп турган Chevrolet автоунаасын сүзгөн. Андан ары Lexus LX470 үлгүсүндөгү унаа менен да сүзүшкөн.
Кырсыктан Фольксваген Венто үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүсү көз жумуп, ал эми эки унаада бара жаткан 6 жаран жаракат алганы айтылды. Учурда тийиштүү материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланды.
"Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсыктарынын 90 пайызы айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен улам болуп жатканын белгилеп, ылдамдыкты ашырбай, жол эрежелерин так сактоо менен унаа башкарууну суранат", - деп айтылат маалыматта.