Алдыда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
Белгиленгендей, 12-14-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.