Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милиция кызматы Түп айылынын аймагында рейддик иш-чара жүргүзүп, мыйзамсыз балык уулап жүргөн 21 жаштагы И.А. аттуу жергиликтүү тургунду кармаган.
Кармалган жарандан үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 17 даана Карась жана 2 даана Судак балыктары алынган.
Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБинин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөнү айтылды.