
Кытайдан келе жаткан жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекке учурда Zhong Tong үлгүсүндөгү 50 автобус келе жатат. Ошондой эле кытайлык "Zhong Tong Bus" компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча дагы 450 даана автобус ушул жылдын аягына чейин алып келүү пландалууда. Ал эми калган 500 даана автобус 2024-жылдын 1-кварталында келет.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган компаниядан газ кыймылдаткычтуу 1000 даана автобус сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Долбоор президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) колдоосу менен ишке ашырылууда.