Сокулукта 9 жаштагы кызы ыдык көргөнүн айткан аял эми кысымга кабылып жатканын билдирди

Ыдык көрсөтүлгөн 9 жаштагы кыздын апасы кысымга кабылганын айтып, Акыйкатчыдан көмөк сурады. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.

Ага ылайык, кошунасы ыдык көрсөткөн 9 жаштагы кыздын апасы ага катуу кысым болуп жатканын айтып чыкты.
Аргасы кеткен А.Т. аттуу аял акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусуна келди. Аял ага ар тараптан кысым көрсөтүп жатышканын айтты.

"Сот процесси создуктурулуп жатат, жети сот процессинин ичинен бешөө өтпөй калды, анткени айыпталуучуну сотко алып келишкен жок. Андан кийин эле судья эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Улам эле процессти токтотуп салышкандыктан мен жумушка дагы бара албай жатам, үйдү карап багып жаткан жалгыз менмин. Анан калса адвокаттын акчасын дагы төлөшүм керек. Ал эми процесс болсо кайра-кайра эле өтпөй калып жатат. Анысы аз келгенсип мени “талоонго” алышууда-башка коңшуларым мени да, кызымды да жамандашууда. Күн сайын ар кандай чагымдарды кылышып, мага каршы арыз да жазышты. Бизди жек көрүндү кылгылары келип жатышат. Мен болгону өзүмдүн кызымды коргогум келет жана күнөөлүү киши жазасын алып, акыйкаттыкка жетсем дейм. Эмне кылсам болот? Мага камкордук, көмөк керек", - деп ыйлады аял.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Сокулук райондук соту 9 жаштагы кызга карата ыдык көрсөтүү боюнча кылмыш ишин карап жатат.
Аталган иштин материалына таянсак, М. А. аттуу жаранга карата 158-берене боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 6-февралында А.Т. анын 9 жаштагы кызына кошунасы ыдык көрсөткөнүн билгенден кийин милицияга арыз берген. Комплекстүү экспертиза кыз эркек тараптан ага ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу факты жөнүндө чындыкты айтып жатканын тастыктаган.

"Институттун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган кейсти кылмыш иши башталгандан тартып карап жатышат — кыздын апасына укуктук кеп-кеңеш беришкен. Мындан тышкары тергөө маалындагы бардык укук бузуулар боюнча институт укук коргоо органдарына жана прокуратура органдарына кайрылган", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды сотто кыздын укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды.
Негизинен Акыйкатчы Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигине айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайдан сотко жеткирүүнү камсыздоого кайрылды.

Ошондой эле Акыйкатчы башка жактоочуларды сотто кыздын укуктарын корголушу үчүн анын апасына көмөктөшүүгө чакырды. Соттун кийинки отуруму 14-августка дайындалды. Процесс жабык режимде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан