Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду гол киргизгенден кийин майрамдоосунан улам камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабиянын мыйзамына ылайык, христианчылыкка байланыштуу ар кандай коомдук ишараттарга тыюу салынган, анткени аларды көрсөтүп жаткан адам башка адамдарды алардын динине тартууну көздөйт деген ишеним бар.
Сауд арабиялык күйөрмандардын көңүлүн бурган эпизод Роналду Араб Кубогунун жарым финалында ирактык “Аль-Шорта” клубунун дарбазасына пенальтини киргизгенден кийин болгон. Гол киргизгенден кийин Роналду христиандарча сыйынган ишарат кылган.
Буга чейин бул мыйзамды ушул эле клубдун мурдагы оюнчусу Хуан Пабло Пино бузуп, камакка алынган.