ДССУ дүйнөдө COVID-19 кайрадан кескин күчөп жатканын жарыялады

Дүйнөдө бир айдын ичинде COVID-19 дароо 80 пайызга өстү. Мындай маалымат Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жумалык эпидемиологиялык баяндамасында айтылды.

"Дүйнө жүзү боюнча акыркы 28 күндүн ичинде (2023-жылдын 10-июлунан 6-августуна чейин) COVID-19 пандемиясынын 1 миллион 500 миңге жакын жаңы учуру жана 2500дөн ашуун өлүм катталды. Бул көрсөткүч мурдагы 28 күнгө караганда 80 пайызга көбөйдү дегенди билдирет", - деп айтылат корутундуда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тынч океандын батыш бөлүгүндө илдетти жуктургандардын саны көбөйгөнүн билдирди.

6-августка карата дүйнө жүзү боюнча COVID-19 оорусунун 769 миллиондон ашык тастыкталган учуру катталып, 6 миллион 900 миңден ашуун адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан