Бүгүн, 12-августта Лига Кубогунун 1/4 финалынын беттеши болуп, анда америкалык "Интер Майами" менен "Шарлотта" клубдары беттешти.
Оюн 4:0 эсебинде "Интер Майами" футболдук клубунун жеңиши менен аяктады. Беттештеги төртүнчү голду атактуу футболчу Лионель Месси киргизди.
Муну менен Лионель Месси "Интер Майами" клубу үчүн 5 оюнда 8 гол киргизип, клубдун тарыхында эң мыкты үч бомбардирдин бири болду.
"Интер Майаминин" эң мыкты бомбардири 29 гол менен Гонсало Игуаин. Бул көрсөткүч боюнча экинчи орунду Леонардо Кампана ээлейт (16 гол).