Дагестанда эки айыл ортосунда түшүнбөстүк чыгып, 100гө жакын адам массалык түрдө мушташты. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, мушташка үлпөт тойдогу музыка себеп болгон. Тагыраагы, үлпөт той учурунда эки айыл эли өздөрүнүн музыкаларын койгон. Жыйынтыгында алар бир пикирге келише алышпай, пикир келишпестик массалык мушташка айланган.
Учурда массалык мушташ басаңдады, жеринде 20га жакын полиция кызматкерлери иш алып барышууда.