Ошто жер басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү жаран кармалды

Ошто мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 2023-жылдын 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Коңурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтиргенин билдирген. Натыйжада жабырлануучу Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу районунун Коңурат айылынын тургуну 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6 сотых жерине Куттубек аттуу жаран менчиги экенин айтып талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, куч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты боюнча дагы кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 10-август күнү Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан