Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти Жейкоб Зума түрмөлөрдөгү толуп кетүүгө каршы күрөшүү программасына киргендиктен абактан бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү эртең менен Зума абакка жеткирилип, бирок кайра эки сааттан кийин сот тарабынан бошотулган. Себеби өлкөдөгү түрмөлөрдүн бардыгында дээрлик бош орун жок калган.
2021-жылдын жайында Түштүк Африканын президенттигинен кеткен 79 жаштагы Жейкоб Зума сотту сыйлабаганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 айга абакка кесилген. Бир жарым айдан кийин ооруканага которулуп, ага операция жасалып, бир канча убакыттан кийин ден соолугуна байланыштуу шарттуу түрдө бошотулган.
Эми ал үй-бүлөсүнүн жанында болот.