"Берекет Гранд" соода борборунда 50 миң сомдук алтын чынжырчаны уурдоого шектүү кармалды

Бишкектеги "Берекет Гранд" соода борборунда 50 миң сомдук алтын чынжырчаны уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 4-август күнү Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү "Берекет Гранд" соода борборунун 1-кабатынан алтын чынжырчасы уурдалганын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан