
Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери натыйжа берген жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан Жеңиш чокусуна чыгып, дайынсыз болгон Орусиянын жана Литва өлкөлөрүнүн жарандарын издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө 21 куткаруучудан турган 3 издеп-куткаруу тобу чыккан. Ошондой эле аймактын климаттык шарттарын эске алып, куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн Коргоо министрлигинин "МИ-8МТВ” тик учагы кошо тартылган.
ӨКМнын куткаруучулары абанын температурасы -20 -30 градуска, бийиктиги 4100 метрге жеткен “Түштүк Эңилчек” базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көнүктүргөн соң альпинисттерди издөө иштерин улантуу үчүн 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан.
Куткаруучулар альпинизм боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, тажрыйбалуу адис Д.М.Греков менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарды издешкен. Тилекке каршы, издеп-куткаруу иштери, 2 жолку визуалдык учуу да өз натыйжасын берген эмес.
Ал эми чет өлкөлүк альпинисттер Жеңиш чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлаганы, алардын бириндеги спутник байланышынын (GPS трекери) координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эместиги билинген. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, 2023-жылдын 8-августунан тартып куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган.
"Альпинисттерди издөөдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана жеткиликтүү каражатынын чегинде чет элдик туристтерди издөөгө бардык күч-аракетин жумшады", - деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин 4 альпинисттин изделип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда 4 альпинисттин үчөөсү Орусиянын жарандары, ал эми төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны экени белгилүү болгон. Альпинисттер Кыргызстандагы “Аксай-Тревэл” туристтик компаниясы менен келишим түзүп, 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан.
Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн. Алынган координаттын негизинде “Аксай-Тревэл” компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине болсо 27-июль күнү Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн.