Түркиянын чыгышында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 440 миңден ашуун калкы бар Малатья шаарынан 8 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн булагы 17 чакырым тереңдикте катталган.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат жок.