Мисирде соңку 122 жылдан бери боло элек суук катталды. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары бүгүн, 13-декабрда жазып
чыгышты.
Учурда Мисирде абанын температурасы -7 градуска дейре төмөндөп кеткен. Айрым райондорунда жана Каирде көнөктөп жааган жамгырдан улам автотыгындар көбөйүүдө. Ал эми метеорологдор
жергиликтүү тургундарга эшикке чыкпоосун эскертишүүдө. Эң оор
кырдаал Мисирдин Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан аймактарда катталып, Шарм-эш-Шейхтеги
порттор жабылган. Марс-Матрухеде балыкчылардын кемеси чөгүп, алардын баары
куткаруучулардын жардамы аркылуу аман калышкан.
Белгилей кетсек, Мисирде ар дайым күн тийип, жылуулукту сүйгөн туристтердин эс алуучу
аймактарынын бирине айланган. Бул жерде кышкысын ашып кетсе 3-4 ирет гана
жамгыр жаайт. Калган убакта ар дайым күн тийип турат.