Эквадордо өлтүрүлгөн президенттикке талапкердин ордуна шайлоого анын өнөктөшү катышат

Эквадордун вице-президенттигине талапкер Андреа Гонсалес Надер ушул аптанын башында киши колдуу болгон президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсьонун ордуна президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Фернандо Вильявисенсьо өзү жок болгон учурда Андреа Гонсалес Надерди ордуна буга чейин эле тандап койгон. "Алар "Строй" кыймылынын мүчөлөрү болушкан."Стройдун" жетекчилиги бул чечимди ратификациялады.

Жаңы вице-президенттикке талапкердин аты-жөнү кийинчерээк белгилүү болот.

Фернандо Вильявисенсьонун өлтүрүлүшү 9-августта Эквадордун борбору Кито шаарында митингден кийин болгон. Саясатчынын башына үч ок тийген. Атышуудан дагы тогуз киши жаракат алды. Эквадордун азыркы президенти Гильермо Лассо бул окуядан кийин республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаалды жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан