Бишкек шаарына Кытайдан жаңы газ менен жүрүүчү автобустар келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкекке 25 жаңы автобус келди. Дагы 25 автобус Кыргыз-Кытай чек арасынан өтүп жатат.
Кытайлык "Zhong Tong Bus" компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча дагы 450 даана автобус ушул жылдын аягына чейин алып келүү пландалууда. Ал эми калган 500 даана автобус 2024-жылдын 1-кварталында келет.
Жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат.