Индонезияда 16 жаштагы окуучу 41 жаштагы апасынын курбусуна үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуучу балага турмушка чыккан аял 41 жашта, ал Mariana азык-түлүк дүкөндөр тармагынын ээси. Окуучу баланын апасы алардын үйлөнүүсүнө макул болгон.
Бирок Балдардын укугун коргоо комиссиясы бала 18 жашка чыкканга чейин турмуш курууга болбой турганын айтып, иликтөө иштерин баштаган. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат жана жубайлар эки башка бөлмөдө жашап жатышат.