Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Казакстандан келген Жетису командасынын оюнчусу Руслан Жаксылыков казан улакка бир апта даярданышканын билдирди.
"Тай казанга ашып кетсе бир жума даярдандык. Билесиздер, биз көбүнчө жер улак тартабыз. Дайыма ошого даярданабыз. Бул мелдеште колубуздан келишинче оюн көрсөтөбүз. Буйруганы болот го", - деди казакстандык көк бөрүчү.
Анын айтымында Жетису командасы жаңы гана түзүлгөн команда. Ал эми башка командалар көп жылдан бери мелдештерге катышып жүргөн тажрыйбалуу командалар экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Чолпон-Атада өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Казакстандан 5 команда келген. Алардын төртөө: Түркстан, Шымкент, Жетису жана Астана командалары Достук кубогу үчүн Кыргызстандын Ынтымак, Сары-Өзөн, Достук, Мурас командалары менен күч сынашат. Ал эми Караганда командасы Клубдар лигасында оюн алып барат.