"Өрөөндөрдө жамгыр, тоолордо кар жаайт". Бүгүнкүгө карата аба ырайы

Бүгүн, 14-августта өлкө аймагынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирип, абанын температурасы кескин төмөндөй турганын эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Талас аймагында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан